Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Жалалабад облусундагы «Тынчтыкты сактоо» коомдук бирикмеси кыргыз-өзбек чек ара аймактарындагы чыңалууну азайтуу чараларын көрүүдө


ЖАЛАЛАБАД. Кыргыз-өзбек чек ара аймагында жер, суу, жайыт, мал уурулук проблемаларынан сырткары социалдык экономикалык жана маданий маселелер аз эмес. Өзбекстанга чектеш аймактарда коңшу өлкөнүн үналгы, сыналгылары үстөмдүк кылат. Эки элди жакындатууну көздөгөн «Кыргыз-өзбек чек ара жайларында тынчтыкты орнотуу» аттуу Швейцариянын өнүгүү агенттиги каржылаган долбоордун жардамы менен Ноокен районундагы Сакалды кыштагына жети миң долларлык дренаж системасы орнотулду. Бүргөндү айылында суу чыгаруучу түйүн ишке кирип, 140 гектар аянт жерге суу чыгарылды., Курама айылына фельдшер-акушердик пункт курулду. Базаркоргон жана Ноокен райондорундагы үч мектеп толук оңдолуп бүттү.

XS
SM
MD
LG