Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:51

ПРАГАДА КЫРГЫЗДАРДЫН МАДАНИЙ КЕЧЕСИ ӨТТҮ


Шайырбек Мукарамов, Прага Прага шаарындагы чех жана кыргыз жамааттары кыргыздардын маданий кечесин уюштуруп, ага Чехиянын ордо калаасында жашап жаткан америкалык жана европалык маданият изилдөөчүлөр, өнөр адамдары жана бөтөн элдин маданиятына, жашоо-шартына кызыккан чех жаштары катышты.

Анда чогулгандарга Кыргызстан жана кыргыз эли жөнүндө кеңири маалымат берилип, кинорежиссер Актан Абдыкалыковдун “Бешкемпир” аттуу көркөм тасмасы да көрсөтүлдү.

Прага шаарындагы чакан маданий борборлорунун биринде кыргыз ыр-күүлөрү жаңырып, алыстагы Кыргызстан деген өлкө жөнүндө, анда жашаган кыргыз эли жөнүндө маалыматтар айтылып жатты. Бул жерге негизинен Америкадан жана Европанын ар кайсы өлкөлөрүнөн келип, Прагада жашап жаткан маданият изилдөөчүлөр менен өнөр адамдары, башка элдин маданиятына кызыккан чех жаштары чогулду.
Чех жана кыргыз жамааттарынын өкүлдөрү уюштурган бул кечеде алгач “Азаттык” радиосунун деректири Тынчтыкбек Чоротегин Кыргыз мамлекети жана кыргыз эли тууралуу кеңири баяндап берди. Андан соң кыргыздын улуттук кийимдеринин үлгүлөрү көрсөтүлүп, алар кайсы учурда, кандай шартта кийилээри тууралуу да маалыматтар айтылды. Биз кеченин айрым катышуучуларынын бул кечеден алган таасири жана кыргыздар тууралуу ойлорун сурадык

Алгач Америкалык сүрөтчү айым Тереза Тимптонду уксак:

- Мага бүгүнкү кече абдан жакты, чынында Прагада кыргыздарды көп деле кезиктире бербейсиң. Буга дейре кыргыздар жөнүндө бир фильм көрүп, көчмөн элдин турмушунан бир аз маалымат алгам. Бүгүн бул жерде кыргыздын улуттук кийим-кечелерин өз көзүм менен көрүп, кыргыз эли тууралуу кеңири маалымат алдым.

Лондондук финансист Бери Эванс болсо мындай пикирин билдирди.

- Мен Европанын көп өлкөлөрүн кыдырып, түрдүү элдердин маданияты менен тааныштым. Бир жылдан бери Прагадамын. Кыргыздар жөнүндө да аз да болсо маалыматым бар. Бул элдин аябай меймандостугу, кичи пейилдиги жагат. Менин көптөгөн кыргыз досторум бар. Бүгүнкү кече мага да абдан жакшы таасир калтырды, бул жерде кыргыздар менен кездешип, кыргыз эли тууралуу дагы бир топ маалыматтарды алдым. Эми кыргыз даамын күтүп жатам.

Ал эми Мирка аттуу Чех кызы башка элдин маданиятына кызыгаарын, бул кечеде кыргыздар жөнүндө кеңири маалымат алганын айтат:

- Чынында башка элдин жашоо-шарты, маданияты менен таанышуу мен үчүн абдан кызык. Буга чейин кыргыз эли жана Кыргызстан жөнүндө да эч кандай маалыматым жок эле. Бүгүн кыргыздын улуттук кийимдери, каада-салты тууралуу жетишээрлик маалымат алдым. Мурда интернет булактарынан кыргыз кийимдеринин сүрөтүн көргөн болчумун. Эми ошол кийимдердин кайсы учурда, кандай шартта колдонулаарын билдим.

Чогулган элге кыргыз даамы тартууланган соң, белгилүү кыргыз кинорежиссеру Актан Абдыкалыков тарткан “Бешкемпир” көркөм тасмасы көрсөтүлдү. Кыргыздын чакан айылындагы тээ 60-жылдардагы турмуш сыпатталган бул тасманы көрөрмандар зор кызыгуу менен көрүшүп, абдан жакшы кабыл алышты. Бул ойду фильмдин көрүүчүлөрү биз менен болгон маегинде төмөнкүчө бышыкташат:

Майкл америкалык сүрөтчү жигит.

- Кинону баштан аяк кызыгуу менен көрдүм. Анда эч кандай боек сүртүлбөгөн чыныгы турмуш тартылыптыр.Балалыктын байоо дүйнөсү, бала кездеги алгачкы тунук сүйүүлөр, ошону менен бирге эле өмүр менен өлүмдүн дайыма эриш-аркак жүрөрү да чагылдырылыптыр. Баарынан да жаш балдардын ойногону жакты. Тасманы көрүп отуруп, өзүндүн алыста калган балалыгыңды эстебей кое албайсың.

Мажарстандык Моника Хорвац аттуу айым болсо тасмадан чыныгы турмушту көргөнүн айтат.

- Мен бул фильмден кыргыз элинин башка элдерден өзгөчөлөнгөн маданиятын байкадым. Тасма Кыргыздын чакан бир айылындагы чыныгы турмушту чагылдырганы менен жакты. Абдан сонун тартылыптыр.


Ал эми Чехиянын Брно шаарындагы өнөр мектебинин кызматкери Владислав Железный фильмди көрүп отуруп, балалыгымды эстедим дейт:

- Фильмди көрүп отуруп, балалыгымды эстеп , толкунданып кеттим. Баарынан да балдардын ойногону мага өзгөчө таасир калтырды. Биз бири-бирибизден алыста жашасак да балалыгыбыздын окшош жактары көп экен. Анткени бала кезде биз да ошол тасмадагы кыргыз балдарына окшоп ойногон учурларыбыз болгон. Анан да фильмдин акырында чебердик менен жип ойноткон колдорду көрсөткөнү абдан жакты. Мындай оюнду биз да ойногонбуз. Режиссер кыргыздардын эле эмес дүйнө маданиятын да кошуп, тасманы дагы көркүнө чыгарыптыр.

Америкалык сүрөтчү айым Тереза Тимптон фильмдин маани маңызы ар бир адамга түшүнүктүү экенин белгилейт:

- Мага жаратылыш, адамдардын жашоосу абдан чоң таасир калтырды. Тасма күнүмдүк турмуштун ар бир учурун камтыптыр . Фильмдин маани-маңызы ар бир адамга түшүнүктүү, не дегенде анда ар бир адамдын башындагы нерсе тартылган. Табигый шарттагы чыныгы турмушту көрүп отуруп, бүгүнкү цивилизация адамзатты кандай шартка алып келгенин ойлодум. менимче бүгүн адамзат көп нерсени жоготуп койгон сыяктуу. Фильм тамырыбызга кантип баруу керектигин көрсөттү.

“Бешкемпир” аттуу кыргыз киносун көргөн Прага шаарынын тургундары кеченин уюштуруучуларына болочокто да ушул сыяктуу көргөзмөлөрдү жана кечелерди уюштуруп турсаңыздар деген өтүнүчтөрүн айтуу менен таркашты.
XS
SM
MD
LG