Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

ОРОЗБЕК ДҮЙШЕЕВ: КУМТӨР МАСЕЛЕСИН ДАГЫ КАРАЙБЫЗ


Сапар Орозбаков, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйыны быйыл каникулга тараар алдында «Кумтөр алтыны» долбоорун кайра түзүп чыгуу жөнүндө өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Кабарчыбыз палатанын чечиминин аткарылышына кызыгып, Жер байлыктары боюнча кичи комитеттин төрагасы Орозбек Дүйшеевге бир нече суроо менен кайрылган.

- Орозбек Дүйшеевич, «Кумтөр голд компанинин» ордуна «Центерра» түзүлбөдү беле. Кыргызстанга тийген акцияларды өкмөт сатып жибергенден кийин, алардын баасы көтөрүлдү деп угуп жатабыз.

- Аныңыз туура. Мен «Кыргызалтындын» тышкы байланыш бөлмүнөн сурасам, алар «Центерранын» акциясы1,5-2 эсе кымбаттады деп айтышты. Менин оюмча, дагы кымбатташышы мүмкүн. Анткени алтындын дүйнөлүк баасы өсүп жатат. Бул, биринчиден. Экинчиден, менин оюмча, акциянын баасы өсүп жатканы Кумтөрдүн пайдалуу экендигине байланыштуу. Ал 4-5 жыл жакшы иштейт. Ал инвестиция салып, эч кандай акча коротпой эле көп таза киреше берет. Биздин эсеп боюнча, баа ушундай болуп турса, быйыл эле карыздан кутулуп, келерки жылы 60 млн дивиденд алмакпыз.

-Сатпай турганда?

- Ооба сатпай турганда бизге көп киреше түшмөк. Биз муну эсептеп чыкканбыз. Чет элдиктер эсептегенди жакшы билет да. Алар пайдалуу экенин сезишип, акцияларды сатып алып жатышат. Кумтөрдүн акцияларынын кымбаттап жатышынын себеби ошол.

- Биз өзүбүздүн үлүшүбүздүн бир бөлүгүн 86 млн долларга сатып жибербедикпи. Азыр анда ошол 86 млн доллар 100 млн доллардан ашык болмок экен да?

- Сөзсүз көп болмок. 1,5 эсе өстү деп эсептегенде, 120 млн доллапр болмок. Эгерде 2 эсе өстү деп эсептесек, 160 млн доллар болмок.

- Орозбек Дүйшеевич, сиздердин палата Кумтөрдү «Центеррага» бербөө тууралуу чечим чыгарды эле. Ал аткарылбай кала турганбы?

- «Кумтөр алтыны» долбоорун кайра түзүп чыгуу маселеси жөнүндө биз 2 жолу чечим кабыл алдык. 2003-жылдын 20-июнунда кабыл алган токтомдо башкы келишим да, «Кумтөр 1» долбоорун да өзгөртүү Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана жүргүзүлсүн деп көрсөткөн болчубуз. Бирок өкмөт аны аткарбай, 2003-жылдын 31-январында токтом чыгарып, өлкө үчүн пайдасыз келишимге кол коюп жиберди. Кумтөр толугу менен башка фирмага өтүп кетти. Муну уккандан кийин быйыл 25-июпда да дагы бир чечим кабыл алганбыз. Өкмөт өзүнүн 31-декбарда кабыл алган токтомун жокко чыгарсын деп чечкенбиз. Бирок бул алиге чейин аткарыла элек. Бизди укпай Кыргызстанга тийген акцияларды сатып жиберишкен. 86 млн доллар биздин эсепке түштү деп жатышат. Ал дагы көпкө чейин Кыргызстанга келбей, чет өлкөдө жатты. Эл чуу көтөргөндөн кийин, эми ал Улуттук банктын эсебине келип түштү деген сөз бар. Бирок анын чын-төгүнүн билбейм ..

- Орозбек Дүйшеевич, өкмөт сиздерге эмне деп жооп берип жатат? Эмне үчүн аткарбайбыз дешет?

- Каржы министрлигине кат жөнөтсөм, министр Жогоку кеңештин чечими сунуш катары эле эсептелет, аны аткарар-аткарбасын өкмөт өзү билет деген жооп жазып жибериптир. Министрдин жообун чечмелеп бергиле деп биздин аппараттын эксперттерине жана баш прокурорго кайрылдым. Экөөнөн тең жооп келди. Алар кен байлыктарга байланыштуу келишимдер сөзсүз Жогорку Кеңеште ратификацияланат, ошондон кийин гана күчүнө кирет деп айтып жатышат. Демек, өкмөттүн иши мыйзамсыз.

- Эми эмне кылалы деген оюңуздар бар?

- Биз бул маселени кайра карайлы деп жатабыз. Ал 3 айдан бери Мыйзам чыгаруу жыйынынын күн тартибинде турат. 44-кезекте. Комитет чечимдин долбоорун даярдап койду. Анда өкмөттүн Жогорку Кеӈештин чечимин эске албагандыгын бийликти узурпациялоо деп бааладык. Биз чечим чыгарып, материалдын баарын прокуратурага өткөрүп беребиз деген ойдобуз. Чечимди аткарбагандар жоопко тартылышы керек.

- Келишимге кирген кендин бөлүгүн иштетүү 2007-2009 жылдары бүтөт деп жатышты эле. Калган кендер иштетилбей кала турган болуп жатабы?

- Башкы келишим боюнча жылына 14-15 тоннадан алтын алынып, долбоор 2014 жылга чейин иштемек. Бул долбоор «Кумтөр1» деп аталат. Жер алды менен каза турган дагы 400-500 тонна алтын бар. Ачык жол менен казыла турган алтын бүткөнчө анын долбоору даярдалып коюлушу керек болчу. Бирок аны «Камеко» алиге чейин баштаган жок. Биз муну токтомдо да көрсөткөнбүз. Өкмөт катуу талап кылбай жатат. Жер алдындагысы чынында эле дайын болбой калчудай көрүнүп турат. Жаман абалга туш келген турабыз. Жаңы график боюнча Кумтөр 2009-жылы 2,5 гана тонна алтын берет. Өзүңөр көрүп тургандай «Жерүй» алтын кени даяр эмес. 14-жылдан бери мурда курулган курулуштардын баары талкаланып бүттү. Аны кимге берерибиз белгисиз. «Талдыбулактын сол жээги» да 4 жылдын ичинде даяр болбойт. 2009-2010 жылда алтын казуу түгөнөт. Өзүнөр билгендей, алтын өнөр жайдын жана экспорттун 40-50% түзөт. 3-4 жылдан кийин Кыргызстандын абалы оор болот. Бул жөнүндө биз өкмөткө кайта-кайта айтып жатабыз.

XS
SM
MD
LG