Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Иракта кагылышуулар дале уланууда


Козголоңчулар шайлоо өнөктүгүн үзгүлтүккө учуратуу максатында кол салууларын күчөтүүдө. Бүгүн Самарра шаарынын чет жакасында куралчан адамдардын тобу мамлекеттик мунай компаниясынын жогорку даражадагы кызматкерин уурдап кетишти. Ал Байжи шаарындагы мунай куурларынын коопсуздугун камсыздоо маселелери менен алектенип жүргөн. Куралчан топ ал Ирак өкмөтүнө көмөк көрсөткөнү үчүн барымтага алынганын билдирди.
Ушул эле күнү Багдаддын түндүгүндөгү Йетреб шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атылган октон бир полиция кызматкери каза таап, дагы бирөө жаракат алды. Арбил шаарында миналанган автоунаа жарылды.Андан жапа чеккендер тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.
Ишембиде болсо кол салуулардын натыйжасында 11 киши өлтүрүлгөн. Алардын арасында АКШ аскерлери да бар. Америкалык аскерлер менен жергиликтүү полиция Багдаддын түндүгүндөгү Бакуба районундагы козголоңчулар орун-очок алган жерге ишембиде биргелешкен рейд жүргүзүп, элүүдөн ашуун кишини кармады.Бул жерден көп сандагы курал-жарактар жана ок-дарылар да табылды.

XS
SM
MD
LG