ОШ. 13-декабрь күнү Каракулжа районунун борбору Каракулжа айылында «Кыргызстан элдик кыймылынын» райондук штабын уюштуруу чогулушу болуп өттү. Ага 346 адам катышып, райондук штаб мүчөлөрүнүн курамы бекитилди. Штаб жетекчилигине катышкандардын көпчүлүгүнүн добушу менен Бекен Токтоматов шайланды. Аталган жыйында мындан сырткары алдыда келе жаткан парламенттик шайлоолорго карата даярдык көрүүнүн маселелери жана башка саясий уюштуруу иштери талкууланды. Жогоруда аталган кыймылдын Өзгөн жана Карасуу райондорундагы штабдарын уюштуруу боюнча чогулуштарды өткөрүү ушул жылдын 14-15-декабрына белгиленүүдө.