БИШКЕК. Президенттин буйругу менен Жалалабад облусундагы Каракөл шаарынын акими Равшан Абытканов кызматынан бошотулуп, анын ордуна шаар башчысынын милдетин аткаруучу болуп Турусбек Бейшеев дайындалды. Берген арызына байланыштуу Ташкөмүр шаарынын мэри Маматназар Жакыпбаев да кызматынан бошотулуп, анын ордуна Шамшарбек Чойбеков дайындалды.