БИШКЕК. Эртең Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын 21-сессиясынын экинчи этабы башталат. Сессиянын күн тартибинде карала турган негизги маселе - өлкөнүн 2005-жыл үчүн бюджтенин долбоору. Жыйындын депутаттары ошондой эле «Концессия жөнүндөгү» мыйзамга кошумчаларды, өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамды талкуулашат. Аталган мыйзам буга чейин парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында узак талкуудан кийин кабыл алынган. Эл өкүлдөр жыйыны бул сессияда президенттин сунушуна ылайык, өлкөнүн социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Токтобүбү Айтикееваны, юстиция министри Нэля Бейшеналиеваны ээлеген кызматтарына бекитүү маселесин да талкуулашат.