БИШКЕК. Бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев Кыргызстанда жүргөн германиялык делегациянын башчысы Альбрехт Данкельманды кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү маселеси талкууланды. Данкельман Германиядан сырт өлкөлөрдө жашаган немистерге байланыштуу долбоорлорду колдоочу инвестициялык фонддун жетекчиси. Алардын маалыматына караганда, немис тарап жакын арада Бишкекте кыргыз-немис техникалык билим борборун ачмакчы. Германия эгемендүүлүк доордон бери Кыргызстанга 118 миллион евро өлчөмүндө гранттык, 50 миллион евродон ашуун өлчөмдө техникалык көмөк көрсөткөн. Биздин өлкөдө учурда 17 миң немис жашайт.