БИШКЕК. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү үстүбүздөгү жылы 228 млн АКШ долларын түздү. Өткөн жылга караганда бул көрсөткүч 42 пайызга жогорулады. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Умарзак Узбеков билдирди. Элчининин маалымдаганына караганда, Казакстан мындан ары Кыргызстандын тейлөө, өнөр жайынын стратегиялык тармактарына инвестицияларын салууга даяр. Быйыл эле Кыргызстандан Казакстанга 2, 5 млрд кВт элекр кубаты экспорттолду. Ал эми анын ордуна эки тараптуу келишимге ылайык, Казакстан тараптан Кыргызстанга 500 миң тонна көмүр, 15 миң тонна кара май бериши каралган. Кыргызстандык эмгек мигранттарына байланыштуу элчи аларга казак өкмөтү жумуш ордуларын камсыз кылуу кепилдигин алалбайт деп маалымдады.