Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 04:29

«Атажурт» кыймылынын түзүлүшү расмий жарыяланды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңеште өткөн маалымат жыйында өлкөдө «Атажурт» коомдук-саясий кыймылы түзүлгөндүгү тууралуу расмий жарыяланды. Анын тең төрагалары Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев, белгилүү саясатчы Роза Отунбаева билдиргендей, уюмдун башкы максаты: алдыда боло турган парламенттик жана президенттик шайлоолордун ачык, акыйкат өтүшүнө көмөктөшүү, парламенттик шайлоодо көпчүлүк орунду ээлөө.
Жыйында «Атажурт» кыймылы экс-премьер-министр Курманбек Бакиевдин жетекчилигиндеги Кыргызстан Элдик кыймылы менен биргелешкен штаб түзөөрү тууралуу маалымдалды. Штаб тарабынан парламентке таза, коррупцияга аралашпаган атуулдарды өткөрүүгө каржылык жана моралдык жардамдар көрсөтүлөт. Кыймылдын курамына азырынча өлкөдөгү бир катар саясий партиялардын жетекчилери, коомдук ишмерлер, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Муратбек Мукашев өңдүү депутаттар кирди. «Атажурт» кыймылынын уюштуруу курултайы 22-декабрда өткөрүлөт жана анда кыймылдын Уставы менен Программасы кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG