Бүгүн Иран менен Европа биримдигинин ортосунда Ирандын ядролук программаларына байланыштуу сүйлөшүүлөр башталат. Брюсселде Ирандын өкүлү Хасан Ровхами Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Хавьер Солано жана Улуу Британия, Франция, Германиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушуусу күтүлүүдө. Евробиримдик менен Ирандын ортосундагы мурдагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ырасмий Тегеран уранды байытуу боюнча иштерди убактылуу токтотууга макул болгон. Бүгүн Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро Евробиримдик менен Ирандын ортосунда жетишилген макулдашууларды Тегеран урматтоого тийиш деп билдирди. Ирандын ырасмий өкүлү Ровхами болсо өз кезегинде эгер сүйлөшүүлөр алдыга жылбаса ырасмий Тегеран аны токтотууга барууга аргасыз болот деди. Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Азефи болсо анын өлкөсү уранды байытууну убактылуу гана токтотконун бышыктады. Иран анын өзөктүк программалары жалаң тынчтык максатка гана багытталганын айтып келатат, бирок ага Кошмо Штаттары баштаган Батыштын бир катар өлкөлөрү ишенбейт.