Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Ош шаарындагы жардырууга катыштыгы бар деген кылмыштуу топтун 2 мүчөсү колго түштү


ОШ. Бул жөнүндө 14-ноябрь күнү «Азаттыкка» кабарлаган Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замирбек Сыдыков, тергөөнүн кызыкчылыктарына байланыштуу кармалгандардын аты-жөнү азырынча айтылбай тургандыгын билдирди. Анын айтымында, жогоруда айтылган жардырууга тиешеси бар деп эсептелинип жаткан шектүү топтун эки мүчөсү оперативдүү маалыматтардын негизинде Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашырынып жатышкан жеринен колго түшүрүлгөн. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин айтымында, кармалган эки адам убактылуу кармоо жайына киргизилип, алардын үстүнөн тергөө иштери башталды.Ушул жылдын 20-ноябрь күнү бир милиция кызматкеринин өмүрүн алып кеткен жардырууга катышы бар деп шектелип, буга чейин беш адам издөөдө болгон. Алар Өзбекстандын Анжиян шаарынын тургуну Нуридин Закирдинов, намангандык Назимжан Садыков, Ош шаарынын тургундары Фархад Мирзабаев, Тахир Хакимов жана Хасан Сулаймановдор.

XS
SM
MD
LG