БИШКЕК. Бул күндөрү Кыргызстандын делегациясы экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун Париж шаарында өтүп жаткан жыйынына катышууда. Анын максаты «Кыргызстандын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укуктук жана институттук базасынын абалы» жөнүндөгү маалымат менен коррупцияга каршы күрөш боюнча Стамбул планынын кеңешүүчү тобун тааныштыруу. Кыргызстандын делегациясынын маалыматынын негизинде эл аралык эксперттер коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча кеңештерин берип, эл аралык тажрыйба менен тааныштырышат.