Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Кайрадан «Рентонгрупптун» аманатчылары


БИШКЕК. Бүгүн «Рентонгрупп» компаниясына акчасын алдаткан 500гө чукул атуул Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыкты. Имарат алдында «Рентонгрупп» деп кыйкырган атуулдар компанияга алдаткан акчаларын кайтарып берүүгө көмөктөшүүнү депутаттардан талап кылды. Пикетчилер менен Эл өкүлдөр жыйынын үч депутаты, Мыйзам чыгаруу жыйынынын бир депутаты чыгып сүйлөшкөндөн кийин алардын маселесин кароо Эл өкүлдөр жыйынынын 21-сессиясынын күн тартибине киргизилди. Ал эми аманатчылар акчасын өкмөт кайтарып бермейин парламент имаратынын алдына күн сайын келип, ызы-чуу салышарын жарыялашты. «Рентонгрупп» компаниясына инвестиция салган 2 миңге чукул адам 350 миллион сомдук акчасын алдаткан.
Депутат Болот Шерниязовдун айтымында, азыр анын 186 миллион сомун кайтарып берүү зарыл.

XS
SM
MD
LG