Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

К.Бакиев: «Кыймыл ишин эч качан токтотпойт»


БИШКЕК. «Кыргызстан элдик кыймылы» парламенттик, президенттик шайлоолордон кийин да өз ишин уланта берет. Бул тууралуу бүгүн кыймылдын төрагасы Курманбек Бакиев чет өлкөлүк журналисттер менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, кыймыл алдына башкы үч максат коюуда. Алар Кыргызстанда укуктук мамлекет куруу, демократияны өнүктүрүү, активдүү жарандык коомду калыптандыруу жана күчтүү экономикага жетишүү. Курманбек Бакиевдин айтымында, бул максаттарга жетүү үчүн кыймыл эң ириде парламенттик шайлоонун калыс өтүп, татыктуу адамдардын депутат болушуна аракет кылат. «Бул аракеттин жемиштүү болушу үчүн башка кыймылдар менен кызматташуубуз мүмкүн»,-деген Курманбек Бакиев парламенттик шайлоо көп округдарда эки турсуз өтпөсүн билдирди. Ал эми президенттик шайлоо катуу таймаш менен өтүп, акырында азыркы эле президенттин өз ордунда дагы бир нече жылга калышына өбөлгө болчу шарт түзүлөөрү ажеп эмес экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG