Түркиянын экономика министри Али Бабажандын айтымында, Эл аралык валюта кору менен келишим түзүлдү.Эл аралык валюта кору Түркияга 10 миллиард доллар насыя бермей болду. Ал акча - өлкөнүн тышкы карыздарын жеңилдетүү иштерине жумшалат. Келишимге эмдиги жылы кол коюлат жана ал - тараптар ортосундагы учурдагы келишим аяктагандан кийин күчүнө кирет.