БИШКЕК. Бүгүн Эл өкүлдөр жыйыны 2005-жылдагы республикалык бюджет долбоорун талкуулай баштады. Бюджет долбоору боюнча депутаттарга Каржы министри Болот Абилдаев жана Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана финансы комитетинин жетекчиси Жеңишбек Эшенкулов маалымат беришти. Каржы министринин маалыматы боюнча бюджет долбоору биринчи окууда кабыл алынгандан бери депутаттардан 37 сунуш, пикирлер түштү жана андай сунуштарды толук эске алуу менен бюджетин киреше бөлүгү 416 миллион сомго көбөйтүлдү. Министрдин айтымында бюджеттин киреше бөлүгү 16 миллиард 87 миллион сом ,ал эми чыгаша бөлүгү 16 миллиард 813 миллион сом болду. Жарыш сөзгө 25 депутат жазылды. Талкуу эртең улантыла турган болду.