Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Конституциялык сот коллегиясы элчилердин укугу чектелген жок деп эсептейт


БИШКЕК. Кыргызстандын Конституциясында экс-элчилердин шайлоого катышуу укугун чектеген тоскоолдук жок. Ушундай негизге таянган Конституциялык соттун коллегиясы бүгүн экс- элчилердин арызын ишке алууга себеп жок деген тыянакка келди. Төраганын орун басары Абдыбек Суталинов жетектеген коллегия бул маселеге экс-элчилер Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абыловдун кайрылуусуна ылайык кайрылды. Бул тууралуу бүгүн Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов билдирди. Экс элчилер буга чейин маселени ачыктап берүү сунушу менен Жогорку Кеңешке, Борбордук шайлоо комиссиясына жана президентке кат жолдошкон. Маселенин көтөрүлүшүнө БШК төрагасы Сулайман Иманбаевдин «Шайлоо кодекси» шайлоого чейинки беш жылда чет өлкөдө жашаган жарандарга, алардын ичинде элчилер талапкер боло албай тургандыгы тууралуу билдирүүсү негиз берген.

XS
SM
MD
LG