Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Манасчы Шаабай Азизов 78 жаш курагында дүйнөдөн кайтты


КАРАКОЛ. Кыргыз Республикасынын эл артисти, ХХ кылымдын залкар таланттарынын катарында ысмы аталган белгилүү манасчы Шаабай Азизовду акыркы сапарга узатуу тажыясында айтылган пикирлерге караганда, анын манасчылык өнөрү урпактардан урпактарга калат. Учурунда кинорежиссер Мелис Убукеев Шаабай Азизовдун чыгармачылык өнөрканасы тууралуу «Акыркы манасчы» деп аталган даректүү тасма тарткан. Ошондой эле маркум Шаабай Азизов Казак киностудиясы тарабынан тасмага түшүрүлгөн «Чокан Валиханов» аттуу көркөм тасмада манасчынын бейнесин жараткан. Ал эми Кыргыз киностудиясынын «Түбөлүктүүлүккө таазим», «Манасчылар» аттуу даректүү тасмаларында манасчылык өнөрдүн түбөлүктүүлүгүн далилдеген бейнелерди түзгөн. Шаабай Азизов «Манас» эпосунан тышкары «Алым сарык», «Кулан сарык» эпосторун да жатка билген. Даанышман манасчы «Акыркы манасчы» деген тарыхтуу баа алган маркум Шаабай Азизовдун 500 миң сапка жакын ыр саптары Кыргыз улуттук илимдер академиясында жазылып турат.

XS
SM
MD
LG