Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Баңги соодасы күчөшү ыктымал


БИШКЕК. Кечээ Москва шаарында баңги соодасына көзөмөл салуу жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Борбор азиялык меморандумга мүчө мамлекеттердин баңгиликке каршы күрөшүү мекемелеринин жыйыны аяктады. Ага Кыргызстандын баңги заттарын көзөмөл боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Курманбек Кубатбеков катышты. Москвадагы жыйында айтылган маалыматка караганда, эмдиги жылы Ооганстанда өндүрүлгөн баңги заттарынын көлөмү дагы көбөйүшү жана аны Борбор Азия, Кавказ, Орусия аркылуу Европага ташуу күчөшү мүмкүн. Ошон үчүн Ооганстанга чектеш мамлекеттердин аймагында баңгиликке каршы күрөштү бекемдеп, Борбор Азияда маалымат-координациялык борбор түзүү зарылдыгы белгиленди.

XS
SM
MD
LG