Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Барымтадагылар аман-эсен бошотулду


Грециянын борбору Афинадагы барымтага алуу драмасы кан төгүүсүз аяктады. Кечээ албан улутундагы эки эркек 23 жүргүнчүсү бар автобусту барымтага алышкан болчу. Сүйлөшүүлөрдөн кийин алардын он жетиси кечээ эле бошотулган эле. Калган 6 жүргүнчүнү да куралчандар полиция менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдөн кийин койо беришти. Алар алгач бийликтерден бир миллион евро талап кылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө жол сурашкан болчу. Бейшембинин таңына чейин ал талаптар аткарылбаса автобусту жардырып жиберүүнү айтып, коркутушкан эле. Тилекке жараша алар полицияга ок атуусуз багынып беришти.

XS
SM
MD
LG