Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

БРИТАНИЯДА “НАМЫС ҮЧҮН” КЫЗ-КЕЛИНДЕРДИ ӨЛТҮРҮҮ КҮЧӨДҮ


Кубат Отобаев, Прага Британ полициясы өзүнө жакын аялды же сүйлөшкөн кызын “намыс үчүн” деп өлтүргөн эркектерге каршы жаңы күрөш ачты. Өлкөнүн бийликтери акыркы убакта “элибиздин каада-салтын бузуп, үрп-адатыбызды тебеледи” деп киши өлтүрүүгө баргандардын көбөйүп баратканын моюнга алууда. Кылмыш жасагандар жалаң эле Азия өлкөлөрүнөн чыккандар эмес. Өнүгүп-өстү деген элдердин өкүлдөрү да жакындарынын жанын кыйууда.

Быйыл 7-декабрда таңга жуук Британ полициясы Лондондо болжол менен 150дөй кишини камакка алды. Бул – үй-бүлөдө жана турмушта учурачу аялдарга каршы жасалчу зордук-зомбулуктарды, ошондой эле кылмыштарды ооздуктоого багытталган күрөштүн башталышы эле. Назир Афзал – Британ башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы. Анын айтымында полиция муну менен Улуу Британияга көчүп келген айрым үй-бүлөлөрдөгү кыз-келиндердин өмүрүн сактоону көздөөдө:

- Биздин мекеменин жана полициянын башкы милдети – кылмышкерлерди аныктоо жана аларды сотко берүү. Анын артында ушундай коркунучта жашап жаткан аялдардын өмүрүн сактап калуу демилгеси турат.

Афзал кылмышкерлерди кармоо менен зордук-зомбулук, басмырлоолор астында жашап жаткан аялдардын өмүрүн сактап, аларга дем берүүгө көмөктөштүк деген пикирде. Ал ошондой эле акыркы 10 жылда сырдуу жагдайларда өлтүрүлүп, бирок ачылбай калган 100дөй кылмыш иштерин кайра козгоп, башка өңүттөн карап көрүүгө да аракеттер башталды деп билдирди.

- Биз алгач боолгологондон да бул проблеманын тамыры өтө тереңде экенин билдик. Акыркы 10 жылда 117 табышмактуу өлүм катталган. Алар же өлтүрүлүп же табышмактуу жагдайда өлкөдөн жоголгон болчу. Биз алардын көбү жакындары тарабынан жок кылынган деп ойлоп атабыз.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында адатта ата-энесинин катуу тарбиясынан же элдик үрп-адаттардан четтегиси келген кыз-келиндер курмандыкка чалынышат.

2003-жылдын сентябрында Лондондо 16 жаштагы Хешу аттуу кыз өзүнүн атасы Абдалла Йонестин колунан өлгөн. Көрсө Хешу христиан дининдеги жигитке турмушка чыкмакчы болгон экен. Ирактан Улуу Британияга саясий качкын катары барган мусулман Абдалла Йонеске кызынын мындай эркин көз-карашы жакпай калат да, ал “биздин жалпы күрт улутунун жана жакын туугандарымдын намысын тебелейт” деп кызын өлтүрүүгө барган.

Британ башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Назир Афзалдын пикиринде мисалы ажырашууну көздөгөн аялын күйөөсү өлтүрүп койгон учурлар аз эмес. Же болбосо ата-энеси жактырбаган жигитке турмушка чыгууну каалаган кыздын да көзү тазаланышы ыктымал.

Афзал “намыс үчүн” деп кылмышка баруу көрүнүшү Улуу Британияга Индия, Пакистан жана Түштүк Азия мамлекеттеринен келген үй-бүлөлөрдө көп учурай турганын айтат. Ошол эле убакта өнүп-көктөдү деген мамлекеттердин маданияттуу делген үй-бүлөлөрүндө деле мындай кылмыштар жок эмес. Италия, Грекия, Түркия, Босния жана Албания сыяктуу өлкөлөрдөн чыккандар арасында да “намыс үчүн” деп, “биздин салт-санаага сыйбаган жорук жасады” деп карачечекей кызын же койнундагы аялын бычактап салган учурлар катталат.

Полиция “намыс үчүн” деп кылмышка баргандардын тизгинин кагууга аракет кылганы менен анын алдында бир катар тоскоолдуктар бар. Атап айтканда алар расист же башка маданиятка кол салуучу катары айыпталып калуудан коркушат. Ошентсе да полициянын жана сот бийлигинин алдында кандай гана маданият болбосун адамдын өмүрүнө кол салуу бул - кылмыш экенин ошол эле элдин үрп-адатынын алкагында түшүндүрүү милдети турат.

XS
SM
MD
LG