Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

GOOGLE КОМПАНИЯСЫНЫН ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНАСЫ


Нарын Айып, Прага Интернет дүйнөсүндөгү эң күчтүү издөө системаларынын бирин түзгөн "Гугл" компаниясы келерки 5-6 жылдын ичинде бир нече миллион китепти компьютерлештирип, атайын китепкана түзө турганын жарыялады. Андай болгондо, дүйнөдөгү эң белгилүү китепканалардагы китептер менен гезит-журналдарды интернет аркылуу таап-окуса болот жана ал белгилүү ченемде бекер болот. Кээ бир эксперттер бул демилгеге XV-кылымда китеп басып чыгаруу башталганга тете окуя деген баа берүүдө.

Баш кеңсеси АКШнын Калифорния штатында жайгашкан "Гугл" компаниясы азыр эң бат өнүгүп келе жаткан интернет фирмаларынын бири, анын издөө системасы өтө күчтүү деп эсептелинет. 14-декабрда бул компания жаңы долбоор баштап жатканы тууралуу жарыялады. Анын алкагында дүйнөнүн эң чоң китепканаларында сакталган миллиондогон китеп жакын арада компьютерлештирилип, интернетке салынат.

"Гугл" азырынча АКШнын Гарвард, Мичиган жана Стэнфорд университеттеринин, Британиянын Оксфорд университетинин жана Нью-Йорк шаарынын элдик китепканасы менен беш келишим түздү .Алты жылдын ичинде 15 миллион китепти интернетке сала турганын билдирди. Оксфорд университетинин Бодлеан китепканасынын башчысы Роналд Милненин айтымында, бул долбоор - Орто кылымдарда китеп басып чыгаруу башталган окуяга тете нерсе: "Менин пикиримде, бул окуя - 1450-жылы Йоханнес Гутенберг биринчи китеп басып чыгаргандай эле ачылыш. Гутенберг кичинекей басма ойлоп тапкандан кийин, китептерди көптөгөн нускада басып, аларды эл арасында арзан таратуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Азыр болсо андай ачылыш андан да ары кетүүдө - материалдар кеңири түрдө компьютерлештирилсе, ал китептер жана башка маалыматтарды дүйнөнүн кайсы болбосун бурчунда отурган адам ачып окуй ала турган жагдай түзүлөт".

Бодлеан китепканасында сегиз миллион китеп бар жана алардын бир жарым миллионунан көчүрмө жасалып, алар интернетке салынат. "Гуглдын" айтымында, ага алты жыл кетет. Гарвард университети азырынча 40 миң китеп боюнча келишим түздү, Мичиган университети болсо өз китепканасындагы жети миллион китептен көчүрмө жасоого уруксат берди. Бул иштин чыгымынын баарын "Гугл" көтөрүп жатканы дагы өзгөчө мааниге ээ, анткени китепканалардын өздөрүнүн ага каражаты жетпейт болчу.

Авторлук укуктар менен байланыштуу, бул долбоорго жаңы чыккан китептер азырынча кирбейт, ошондуктан, мисал үчүн, Бодлеан китепканасында сакталган XIX-кылымдагы китептер гана көчүрүлөт, бирок жаңы китептерди толугу менен эмес, интернетке алардын кыскача мазмундарын салуу идеясы да бар.

Окумуштуулар менен китепканачыларды азырынча бир гана нерсе тынчсыздандырат. Алардын оюнда, мындай электрондук китепканалар интернетке жарнама салып, тиги же бул китепти өзгөчө мактап, башкаларга зыян тийгизиши мүмкүн.

"Гугл" компаниясынын негизги кирешеси интернетке жарнама коюудан табылат, бирок электрондук китепканага ал азырынча реклама орнотпойбуз деп айтууда. Андан тышкары, атактуу беш китепкана менен "Гугл" ортосунда кол коюлган келишимдер эч тараптын укуктарын чектебейт, башкача айтканда, башка интернет компаниялары, мисал үчүн "Яху" же "Амазон" дагы ошол эле же башка китепканалар менен келишим түзүп, окшош долбоорду ишке ашырууга толук укуктуу, атаандаштык пайда болгондо болсо, сапат жогорулай турганы белгилүү. Ошол эле атаандаш компаниялар "Гуглдын" электрондук китепканасынан да пайдалана алат.
XS
SM
MD
LG