Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Евросоюз менен Түркия келерки жылы күздө сүйлөшүүлөрдү баштайт


Брюсселде өтүп жаткан жыйында Евробиримдиктин лидерлери кечээ ушундай чечимге келишти. Бул чечимди комментариялап, Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Боррозу Евросоюз Түркияга эшигин ачты, эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алган алгылыктуу сунуш жасалды деп айтты. Союздун ушу таптагы төрагасы Нидерландиянын премьер-министри Ян Петер Балкененде сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу чечим Түркиянын союзга мүчө болушуна кепилдик берилди дегенди билдирбей турганын кошумчалады. Келишимдин шарттары бүгүн аныкталат. Сүйлөшүүлөр башталганга чейин Түркия Еврошаркеттин бажы протоколуна кол коюушу керек, муну менен Анкара Кипр грек республикасын кыйыр түрдө тааныган болот. Түрк өкмөт башчысы Режеп Эрдоган Брюсселде Евросоюздун лидерлери менен бүгүн жолугушат.

XS
SM
MD
LG