Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:28

ТИМ качкындар менен эмгек мигранттарынын маселесин талкуулады


БИШКЕК. Кечээ Тышкы иштер министрлиги мекемелер аралык жыйын өткөрүп, анда тажик жарандарынын атуулдук алуу, Орусиядагы жана Казакстандагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын проблемалары жана мекенине кайтып келүүнү каалаган чет өлкөдөгү кыргыздардын жагдайы талкууланды. Миграция департаментинин башчысы Зафар Хакимовдун маалыматына караганда, өткөн жылы Кыргызстанда тажикстандык 400дөн ашык качкын жарандык алган. Быйыл 5000 арызды канагаттандыруу милдети турат. Ошондуктан, Кыргызстан тарап Тажикстанга каттоодон чыгаруу мөөнөтүн мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүүнү сунуштады.
1-январдан баштап чет өлкөлүктөрдүн Орусия аймагына кирүү тартиби күчөтүлгөндүктөн, кыргызстандык эмгек мигранттарынын социалдык укуктарын коргоо боюнча протоколду кабыл алууну тездетүү керектиги да ушул отурумда белгиленди. Ага Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча башкы комиссарлыгынын миссия башчысы Жеймс Линч, Казакстандын, Орусиянын жергиликтүү мекемелердин тиешелүү өкүлдөрү катышты. Отурумду тышкы иштер министри Аскар Айтматов алып барды.

XS
SM
MD
LG