БИШКЕК. 17-декабрдан бери Кыргызстанда жүргөн Эл аралык Валюта корунун миссия башчысы Тапио Саавалайнендин иш сапары бүгүн соңуна чыкты. Бул күнү ал премьер министр Николай Танаев менен жолугушуп, Кыргызстандын экономикалык саясаты жөнүндөгү меморандумдун акыркы нускасын талкуулады.
Бул меморандум өкмөттүн 2005-2007-жылы аткарыла турган милдеттерин жана саясатын камтыйт жана үч жылдык программанын алкагында 2005-жыл үчүн бериле турган каржылык колдоонун багыттарын белгилейт. Бул программага 14 млн. доллар чегерилери күтүлүүдө. Эл аралык валюта корунун Жакырчылыктан чыгуу жана экономиканы турукташтырууга көмөк көрсөтүү боюнча үч жылдык долбоору быйыл аяктады.