Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:18

“Рентонгрупп” аманатчылары кайрадан пикетке чыкты


БИШКЕК. “Рентонгрупп” компаниясына акчасын алдаткан аманатчылар 17-декабрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына кайрадан пикетке чыкты. Аларга эл өкүлдөр жыйынын депутататы Болот Шерниязов, “Рентонгруппка” байланыштуу Эл өкүлдөр жыйынын сессиясы бейшембиде токтом кабыл алынгандыгын билдирди. Токтомдо «Рентонгрупптун» активдерин сатуудан түшкөн акчаны биринчи кезекте аманатчыларга берүү, Улуттук банктын таза кирешесинин 30% да аларга берүү өкмөткө сунушталган. Бул маселеге тиешеси бар каржы министрлигинин жана мекемелердин кызматкерлерин жоопко тартуу баш прокуратурага табышталган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG