Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Б.Субанбеков: Эл аралык кылмыштардын күчөшү кооптуу жагдайды түзүүдө


БИШКЕК. Кылмыштуулуктун эл аралык түрлөрүнүн - терроризмдин, диний экстремизмдин, баңги соодасынын күч алышы Кыргызстанда кооптуу жагдайды түзүүдө. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясында Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков билдирди. Министрдин айтымында, маселен, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тонна 760 килограмм баңгизат алынды. Диний карама-каршылыктарды пайда кылган 66 факт катталып, бул боюнча 80 киши кармалып, 45 кылмыш иши козголгон. Миграция жөнүндөгү мыйзамды бузган 156 чет өлкөлүк атуул кармалган. Субанбековдун айтымында өткөн 11 ай ичинде Кыргызстан аймагында жасалган жалпы кылмыштын саны 29600гө жеткен жана бул өткөн жылдагыдан 8,6%ке аз.
Ал эми Парламенттин мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинин төрага орун басары Искак Масалиевдин айтымында, ички иштер министрлиги оор кылмыштарга каршы күрөшкө жетиштүү маани бербей жатат, ушул өңүттөн алганда ички иштер кызматынын иши кайра кароого муктаж. Маселен, депутаттын маалыматы боюнча буйрутма киши өлтүрүү боюнча 2000-жылдан бери 23 факт катталган

XS
SM
MD
LG