Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА КОРУ СУНУШ КЫЛЫНГАН ПРОГРАММАГА МАКУЛ


Сапар Орозбаков, Бишкек Мурда Эл аралык валюта корунун миссиясы Бишкекке келип, өкмөт менен алдыдагы 3 жылга сунуш кылынган программа жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүп жатканын маалымдаган элек. 17-декабрда миссиянын жетекчиси Тапио Саавалайнен кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү менен бирге журналистер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, « программа бүттү, ал ар кандай иш чараларга жык толгон абдан ишенимдүү программа болду» деп жарыялады.

17-декабрда Эл аралык валюта корунун миссиясы Николай Танаев баштаган өкмөт мүчөлөрү жана Улуттук банктын жетекчилери менен программаны дагы бир жолу талкуулап чыкты. Андан кийин миссиянын жетекчиси Тапио Саавалайнен, Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов жана Каржы министри Болот Абилдаев – үчөө биргелешкен маалымат жыйын өткөрүшүп, программа негизинен бүткөндүгүн жарыялашты:
-Биздин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы - жакынкы 3 жылга ар кандай иш-чараларга жык толгон абдан ишенимдүү программаны кабыл алуу болду – деди Тапио Саавалайнен «Хаят» мейканасында буга байланыштуу өткөрүлгөн пресс-конференцияда.

Миссия жетекчисинин айтымында, жакынкы аралыкта алтын өндүрүшүнүн азайышына байланыштуу Кыргызстандын экономикасынын өсүш темпи төмөн болуп, анын ордун башка тармактардын эсебинен толтуруу зарылчылдыгы келип чыгып жатат. Тапио Саавалайнен «өлкөнүн тышкы карызынын бир бөлүгүн Париж клубу кечкен күндө бюджеттин абалы оор бойдон кала берет» деп айтты. Ошондуктан программага кирген иш чаралардын бир бөлүгүн бюджетти толтурууга багытталган аракеттер түзөт. Буга байланыштуу бардык бюджеттен тышкары ачылган фонддорду бюджетке өткөрүп берүү күтүлүүдө. Жергиликтүү бюджеттерди каржылоонун тартиби да өзгөртүлүп, киргизилген кыймылсыз мүлккө салык аларга толугу менен өткөрүлүп бериле турган болду.

Тапио Сааваланен аталган программада көмүскө экономиканы жоюуга жана башкаруу системасын жакшыртууга өзгөчө ынтаа бөлүнгөнүн билдирди. Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн салыктын айрым түрлөрүн, өзгөчө социалдык фондго чегерүүлөрдү азайтуу каралып жатат. Социалдык фондго чегерүүлөрдүн бир бөлүгү, тактап айтканда ишке жайгаштыруу фонду бюджеттин эсебинен каржыланып, ал салыктан ишкерлер бошотула турган болду.

Тапио Саавалайнен, ишкерликтин өнүгүшүнө жеӈил болсун үчүн, эмгек рыногунун ийкемдүүлугун арттыруу багытында чаралар көрүлүп жаткандыгын билдирди. Анын максаты – «өлкөдө жумуш күчүнүн наркынын өсүп баратышын токтотуу жана өлкө чыгарган товарлардын атаандыштыкка туруктуулугун камсыз кылуу» деди Тапио Саавалайнен.

Эл аралык валюта кору «Жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү» деп ушундай эле аталган мурдагы программага 100 млн доллардан ашык каражат берген болчу. Бул жолу ал 14 млн доллар гана каражат бере турган болуп жатыптыр. Аны Тапио Саавалайнен мындайча тушүндүрдү:
-Бул Кыргызстан үчүн төртүнчү программа. Башкача айтканда Кыргызстан узак убакыттан бери фонддун ресурсунан пайдаланып келет. Өлкө да, Эл аралык валюта кору да өз саясаттарында жардам дайыма эле боло берет деген ой менен иш кылбаса керек .

Эл аралык валюта корунун программалары жөнүндө коомчулукта ар кандай пикир айтылып жүрөт. Өкмөт программага макул болуп алып, кийин анда белгиленген иш-чараларды аткара албай, «чечим кабыл алып бергиле, болбосо эл аралык валюта кору акча бербейм» деп жатат деп парламентти кыйнаган учурлар көп эле болгон. Азыр ал мурдагы программага кирип калган электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларынын бирин концессияга берүүгө депутаттарды көндүрө албай шайы кетүүдө. Ошону эске алып биз каржы министринен аталган программа тууралуу пикирин сурадык.

-Өтө оор нерсе деле көргөн жокмун. Биз үчүн негизги нерсе - анын сапатуу аткарылышы камсыз кылуу. Ансыз макроэкономикалык турукташуу болбойт –
деди каржы министри Болот Абилдаев.
Программа эмдиги жылы февраль айында Эл аралык валюта корунун Аткаруу комитетинин кароосуна коюлат. Комитеттин чечимине карап, март айында Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызын кечүү маселесин карайт.

XS
SM
MD
LG