Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

ЖАШ ЖООКЕРЛЕР КҮЧ СЫНАШУУДА


Кабыл Макешов, Бишкек 17- декабрда Бишкектеги «Спартак» стадионунда, «Эмгек резерви» спорт борборунда жана «Койташ» аскер бөлүгүндө өлкөнүн жаш жоокерлеринин биринчи Спартакиадасынын мелдештери улантылды

Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин демилгеси менен башталган биринчи Спартакиадага өлкөнүн коргоо министрлигинин, Улуттук гвардиянын жана ички иштер министрлигинин ички кызмат аскер бөлүгүнүн жаш жоокерлери катышууда. Күч сынашуулар аскер- техникалык спортунун 5 түрү:турникке тартылуу, граната ыргытуу, Макаров тапанчасы менен Калашников автоматынан ок атуу, аскерлештирилген эстафета жана башка мелдештер өтүүдө. Жаш жоокерлердин биринчи спартакиадасын уюштуруунун максаты тууралуу Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков мындай деди:

- Быйыл жаштарга арнап, бир топ иш- аракеттерди уюштурдук. Эгемендүү өлкө болгону аскер кызматкерлери, жаш жоокерлер унутта калып, спорттук таймашуулардан четтеп калышкан. Мекенди коргоо үчүн спорттук чоң даярдык керек. Аскер спорт коому да түзүлгөнү менен ишти алып кете албады. Ошондуктан өлкөнүн жаш жоокерлеринин патриоттук сезимин ойготуу, намысын курчутуу максатында биринчи кадам таштадык. Эмки жылы мындан дагы жогорку деңгээлдге жеткирүүгө аракет кылабыз.

Мындай саамалык ар тараптан колдоого алынууга татыктуу жана эл аралык деңгээлге көтөрүү керектигин өлкөнүн коргоо министрлигинин дене тарбия, спорт башкармасынын башчысы, полковник Жеңиш Эргешбаев айтып, мындай деди:

- Бул көп жылдан бери ойдо жүрсө да, чыгынып ишке ашыра албай жүргөн демилге эле. Бир гана коргоо министрлигинин колунан келбейт экен. Биздин министрликтин ич ара мелдештери өтүп, «өз казаныбызда кайнап» эле келгенбиз. Эми күч министрликтердин баары биригип, бул демилгенин демин суутпай, коңшу мамлекеттерди да чакырып, эл аралык деңгээлге жеткирүү милдети алдыда турат. Мындай мелдештер жоокерлердин аскердик даярдыгына өтө чоң жардам берет.
Мөрөй талашууга өлкөнүн чек ара кызматынын, Юстиция министрлигинин түзөтүү жана күзөт кызматынын жана аскер окуу жайларынын командалары чакырылганы менен белгисиз себептер менен катышпай калгандыгын Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, жаштар департаментинин директору Бакыт Жекшенов айтып, эмки жылды 6-7 команда катышаарын, быйыл башкалар байкоочу болуп турганын билдирди.

Жаш жоокерлерди Атамекенин сүйүүгө жана коргоого үгүттөгөн бул биринчи Спартакиаданын урааны «Милдет, Абийир жана Атамекен» деп аталат. Таймашуулар «Спартак» стадионунда, «Эмгек резерви» спорт борборунда жана «Койташ» аскер бөлүгүндө 18- декабрда дагы уланып, 19- декабрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу сыйлыктар, байгелер тапшырылат.
XS
SM
MD
LG