Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Жалалабадда сарык оорусу күчөп жатат


ЖАЛАЛАБАД. Облуста сарык оорусунун беш түрүнө былтыркыдан 2,4 эсе көп адам, же 2 миң 664 киши чалдыкты. Алардын 75 пайызы сарыктын А тибин жуктурушкан. Оорулардын 60 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Жалалабад, Каракөл, Ташкөмүр шаарлары менен Сузак, Базаркоргон, Алабука, Аксы жана Токтогул райондорунда сарык оорусу 10 пайыздан 30 пайызга чейин көбөйгөн. Облустук санитардык эпидемиология станциясынын билдирүүсү боюнча сарык менен өнөкөт оорулуу, каны аз жана арык адамдар катуу ооруп жатышат. Ошондой эле дарттын токтобой жатышына оорунун 3-4 жылда улам кайталанышы менен санитардык гигиеналык талаптардын аткарылбаганы, таза суунун жетишсиздиги себеп болууда. Анткени, облустун калк жашаган аймактарынын 74 пайызы гана суу түтүктөрү менен камсыз болгон.

XS
SM
MD
LG