Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:15

БШКнын отурумунда шайлоо округдарынын схемасы такталат


БИШКЕК. 2004-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдардын схемасы Борбордук шайлоо комиссиясынын 21-декабрда өткөрүлө турган отурумунда аныкталат. Бул тууралуу 18-декабрда «Азаттыктын» кабарчысына Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызмат жетекчиси Нина Мухина билдирди. Анын айтымына караганда, БШКнын бул жыйынында ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча 75 округдук шайлоо комиссияларынын курамы такталып,бекитилет. Белгилей кетүүчү нерсе, шайлоо округдары такталып, массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып депутаттык шайлоого ат салышууну каалаган талапкерлерди расмий түрдө каттоо башталат.

XS
SM
MD
LG