Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Президенттин пикирине саясатчылар макул эмес


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев Коргоо кеңешинин 17-декабрдагы жыйынында өлкөдө диний жана саясий экстремизм күч алып, эл аралык терроризм менен ымалалашып баратат деп айтканы негизсиз,-деп билдирди Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев. Анын айтымында, бийлик муну менен өлкөдө саясий чыңалууну атайылап пайда кылып, саясий же экономикалык мүдөөлөрүн билдирген тараптардын талабын күч менен басуу максатын көздөп жатат. «Андан тышкары бийлик диний жана саясий экстремизм күчөдү деген шылтоо менен күч структураларын ар кандай карама-каршылыктуу шартка даяр турууга даярдап жатат», - деп кошумчалады Орозбек Дүйшеев. Ал эми палатанын дагы бир депутаты Бөрүбай Жураев өлкөдө президент чоочулагандай жагдай жок, ар кайсы аймактарда пайда болгон бири-экин диний уюмдардын аракетине каршы эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек, - деп билдирди. Анын баамында, диний уюмдарга кысым көрсөтүү тескери натыйжасын бериши ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG