Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Тайып Эрдоган алкоого да алынып, сын да угуп жатат


Брюсселден кайткан Түркиянын премьер-министри Тайып Эрдоганды Стамбулда эки миңдей адам тосуп алды. Алар өкмөт башчынын Евробиримдик менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүн ийгилик катары баалашууда. Тайып Эрдоган болсо өкмөт бул ийгилик менен эле токтоп калбаш керек деп билдирди:

- Биз бул жыйынтык менен эле чектелип калбашыбыз керек, биз мындан да көп иштешибиз зарыл. Биз эми көп эмгектенебиз, өкмөт эми жалгыздап эмес, башкалар менен биргелешип иштейт.

Түркиянын айрым гезиттери Эрдогандын саясатын колдоого алган макалаларды басышты, бирок айрым басылмалар болсо бул сүйлөшүү өлкөнүн абийирин төктү деп жазышты.
17-декабрда Евробиримдик менен Түркиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр аяктап, анын жыйынтыгына ылайык Түркияны мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо эмдиги жылдын октябрына белгиленген. Бирок ошол эле маалда ал сүйлөшүүлөр сөзсүз түрдө Түркиянын уюмга кабыл алынаарына кепилдик бералбайт. Ошол эле убакта түрк өкмөтү сүйлөшүүлөрдү баштоого чейин Кипрдеги грек республикасынын суверендүүлүгүн таанууга тийиш. Оппозиция Тайып Эрдоганды катуу сынга алып жатат.

XS
SM
MD
LG