Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

КЕЛЕРКИ ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИНИН АЧЫК ЖАНА «ЖАБЫК» ЖАГЫ


2005- жылдын бюджетине парламенттик, президенттик шайлоонун ыгым-чыгымы артылган. Эл өкүлдөр жыйыны республикалык бюджетти өзгөчө ынтаа менен кабыл алды. Жер-жерлердеги социалдык маселелер арбын козголуп, сунуштар көп киргизилди.

Өлкөнүн каржы министри Болот Абилдаев 2005-жылдын бюджетин эң ачык, реалдуу, аткарыла турган экономикалык негизги документ деп эсептейт.

- Ошондуктан биз ишке ашырыла турган ачык бюджет түздүк. Принцибинде ал абдан сарамжалдуу бюджет болду. Баарына этият мамиле кылдык. Албетте, бул ирет биз өсүү ыраатын, динамика көрсөткүчүн кыйла бийик көрсөтсөк жарашмак. Бирок да, бюджет толук аткарылышы үчүн көрсөткүчтөрдү кылдат электен өткөрүп келатабыз. Биздин саясат ушундай,- дейт Болот Абилдаев.

Бюджет талкуулоого парламенттин Эл өкүлдөр жыйын депутаттары өзгөчө ынтаа менен киришти. Эгемендик тушунда макталган айыл чарба реформасынын абалы кыйындап, техникалар эскирип, аларды азыноолок жаңылоого республикалык бюджеттен тийиштүү акча бөлүнүшүн сураган депутат С.Маматовдун өтүнүчү жыйын соңунда гана колдоо тапты.
Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары 2005-жылдын бюджетине биринчи окуудан соң 37 сунуш киргизишкен. Республикалык бюджетти 541 миллион ашуун сомго чыгымдар кылган сунуштардын дээрлик баарысы өкмөт тарабынан колдоого алынды.Кысталыш кырдаалдан чыгуунун жолу катары депутат Муратбек Мукашев Каржы министрлиги бюджетти квартал сайын бөлгөн маалда чечип коюу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти:

- Биз өнүгүү бюджетин бекитүү тууралуу 4-беренени кабыл алдык. Анда капиталдык салымдарды каржылоо маселесин карадык. Ички булактардан - 852, тышкы булактардан 4 миллиард сом. Капиталдык салым дегенибиздин өзү бөлүп алуу. Ушул аркылуу маселени жөндөөгө болот.

2005-жылы Кыргызстандын саясий турмушунда эки олуттуу саясий окуя өтөт. Февралдын аягында парламенттик, октябрь айынын соңунда президенттик шайлоо. Бийликтин мыйзамдуу алмашуусу барып-келип бюджетке түшчү оор жүккө айланары турган иш. Депутат Болот Байкожоевдин Каржы министри Болот Абилдаевге бул иштерге канча акча бөлүнгөнүн тактап берүүсүн өтүнгөн суроосу жоопсуз калды.

- Башка саясий жагдайлар болушу ыктымал. Ошолорго делген, биз билбеген канча акчаңыз бар. Ачык айта аласызбы?- деген суроо узатты депутат Б.Байкожоев. Палата төрагасы Алтай Бөрүбаев аны министр ачык айта албасын, жыйында айтылган кеп-сөздүн баары телекөрсөтүүгө жазылып атканын билдирип, суроого чекит койду.

XS
SM
MD
LG