Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

ЮКОСтун акцияларын көпчүлүккө белгисиз ишкана сатып алды


ЮКОСтун Юганскнефтегаз ишканасына тийешелүү болгон акциялардын көпчүлүгүн бүгүн БайкалФинансгруп Москвадагы аукциондо сатып алды. Тверь шаарында жайгашкан бул топ 9 миллиард 350 миллион доллар сунуш этип, мамлекеттик Газпромду жеңип алды.

Орусиянын бийликтери аталган ишкананы ЮКОСтон 27 миллиард 500 миллион доллар салыкты өндүрүп алуу үчүн сатып жатат.

Мунун алдында ЮКОСко ээлик кылган Менатеп тобунун адвокаты Сандфорт Сауднерс ЮКОСтун акция кармоочулары Юганскнефтегазды алган сатып алуучуну сотко берээрин мындайча эскерткен:

- Юкостогу кызыкчылыктарын коргоо үчүн Менатеп бардык аракеттерди көрүүгө барат. Аукциондун бир гана көздөгөнү - өкмөттүн ЮКОСту жок кылуу планын тездетип, аны өз менчигине алуу болуп саналат.

XS
SM
MD
LG