Нажаф шаарында түштөн кийин орун алган жарылуудан 30 кишинин каза тапканын, 65и жарадар экенин ооруканадан билдиришти. Мунун алдында Карбала шаарынын автобекетинде машина жарылып, кеминде 10 киши набыт болгон эле. Дагы 20 чакты адам жараат алган бул кол салууда бир нече унаа жана имараттар талкаланды.
Анын аралыгында куралдуу топ барымтага алган 10 кишини америкалык коопсуздук фирмасында иштегени үчүн өлтүрөбүз деп жатышат.
Анын аралыгында куралдуу топ барымтага алган 10 кишини америкалык коопсуздук фирмасында иштегени үчүн өлтүрөбүз деп жатышат.