Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Өлкөдө саясий экстремизмге жол берилбейт


БИШКЕК. Ишембиде премьер-министр Николай Танаев социалдык мобилизациялоо жылында Чүй облусунда аткарылган иштердин жыйынтыгы менен таанышып чыгып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйында өкмөт башчы Танаев, “Алдыдагы шайлоого даярдыкты күчөтүүбүз керек. Биринчиден ар кандай диний экстремистик уюмдарга, батыштын уюмдарына шайлоо алдында жана шайлоо учурунда өлкө аймагында коомдук саясий абалды курчутуп, баш аламандыкты пайда кылуусуна жол бербешибиз керек. Шайлоонун тынч, уюшкандыкта өтүүсүнө шарт түзүү ар бир айыл өкмөтүнүн, акимдердин милдети. Азыр диний экстремистик уюмдардын, радикал экстремисттик уюмдардын өкүлдөрү бийликке, парламентке келүүгө аракеттенүүдө. Биз Грузиядагы роза революциясы жана башка аталыштагы революцияларга жол бербешибиз керек”, - деди Николай Танаев

XS
SM
MD
LG