БИШКЕК. Мамлекет башчы Аскар Акаев Коргоо кеңешинин 17-декабрдагы жыйынында өлкөдө диний жана саясий экстремизм күч алып, эл аралык терроризм менен ымалалашып баратат деп айтканы негизсиз, - деп билдирди “Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов. Анын айтымында,бийлик тарап муну менен оппозициялык маанайдагы күчтөрдү басууну көздөөдө. Ал эми “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмуна карата айтылган сын, Өзбекстандын бийлигинин диний уюмдарга көрсөткөн катуу кысымын Кыргызстанда да колдонуу керек дегенден кабар берет. “Коргоо кеңешиндеги президенттин мындай билдирүүсүнөн кийин аткаруу бийлиги оппозициянын ар кандай жыйындарын болтурбоого аракет кылып, бут тосот” - деди Эдил Байсалов.