Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

ЮКОСтун НЕГИЗГИ ИШКАНАСЫ АТЫ-ЖЫТЫ БЕЛГИСИЗ КОМПАНИЯГА САТЫЛДЫ


Кубат Оторбаев, Прага 19-декабрда өткөн аукциондо ЮКОС компаниясынын эң негизги ишканасы - «Юганскнефтегаздын» 77 процент акциясын «Байкалфинансгруп» аттуу эч кимге белгисиз фирма утуп алды. Аукциондун мындай жыйынтыгы күтүүсүз окуя болду. Талдоочулар бул фирманын артында өкмөт турат жана бийлик өз максатына жетти деген пикирлерин айтышууда.

ЮКОСтун эң негизги ишканасы «Юганскнефтегаздын» 77 процент акциясын сатып алган «Байкалфинансгруп» элге да, ишкер чөйрөгө да таанымал эмес. Талдоочулардын айтымында бул фирма мындан эки апта мурда гана Тверь шаарында каттоодон өткөн экен.

Жекшембиде өткөн аукциондо «Байкалфинансгруп» ЮКОСтун негизги байлыгы үчүн 260 миллиард рубль же 9,4 млрд. доллар сунуш кылды. Фирма бул акчаны өкмөткө эки аптанын ичинде төгүп берүүгө тийиш, анте албаса «Юганскнефтегаз» мамлекеттин менчигине өтөт. Бул тууралуу Орусиянын юстиция министрлигинин Москва шаардык башкармалыгынын жетекчиси Александр Буксман журналисттерге билдирди. Анын кошумчалаганына караганда «Юганскнефтегаз» сатылгандан кийин дагы «ЮКОСтун» мамлекетке карызы жоюлган жок жана ал азыр 83 жарым миллиард рублди түзөт.

Баш-аягы Орусиянын салык инспециясы ЮКОСту 30 миллиард долларга жыккан. «Юганскнефтегаздын» сатылышы ЮКОС менен бийликтин ортосунда бир жылдан бери созулган таймаштын урунттуу окуясы болуп эсептелет.

Ал арада журналисттер жана ишкер чөйрө капысынан эле «Юганскнефтегазды» сатып алууга дилгир болуп, орто жолдон чыга калган «Байкалфинансгруп» фирмасынын артында ким тураарына баш катырышууда.
“Диалог тройки” инвестициялык банкынын талдоочусу Жеймс Фенкнер 20-декабрда Рейтердин кабарчысына буларды айтты:

- Аукциондун белгилениши таңгалууну деле жараткан эмес болчу, ал эми жума күнгө чейин эч ким атын укпаган компаниянын Орусиядагы негизги байлыктардын бирин утуп алышы чындыгында эле таңгалдырбай койбойт.

Айрым талдоочулар «Байкалфинансгруптун» артында мамлекеттик ишкана - "Газпром" турат дешет. Анын үстүнө ЮКОСтун негизги ишканасын сатуу боюнча аукционго ушул "Газпром" менен эле «Байкалфинансгруптун» өкүлдөрү катышты. Кайсы бир талдоочулар жеңүүчүнүн артында "Сургутнефтегаз" компаниясы турат дешти эле, бирок бул компания "Газпром" сыяктуу эле өзүнүн «Байкалфинансгрупка» дегеле тийешеси жоктугун айтып жатат.

"Сургутнефтегаз" сыяктуу эле Орусиянын эң ири мунай өндүрүүчү компаниялары болгон ТНК, ЛУКОЙЛ жана "Интерросс" өздөрүнүн Твердеги бул фирмага эч тийешеси жоктугун ырасмий билдиришти. Бирок талдоочулар бул фирманын артында баары бир – орус бийлиги турат деп ырасташууда.

- Кыска убакыт аралыгында «Байкалфинансгруптун» артында ким тураары ачыкка чыгат. Ошондо "Юганскнефтегазды" кайсы топ сатып алганы белгилүү болот, - дейт ”Диалог тройки” инвестициялык банкынын талдоочусу Жеймс Фенкнер.

Аукциондон кийин ЮКОСтун акциялары мисалы Москвада 18 процентке арзандады. Жергиликтүү жана дүйнөлүк газеталар аукционду Орус бийлигинин кезектеги оюну катары баалашты. Ал эми оппозициядагы Ирина Хакамада “бир гана Орусияда аты-жыты белгисиз компания ушундай жол менен эбегейсиз байлыкка ээ боло алат” деп комментарийледи окуяны.

Жаңы кожоюндун ким экендигин атургай Орусиянын федералдык менчиги фондусунун жетекчиси Юрий Петров да жакшы билбестигин мойнуна алды:

– Бул суроого бирөө-жарымдын жооп берээрине ишенбейм. Бул окуя силер сыяктуу эле бизге да сюрприз болду. Башкача айтканда – биз бул компания тууралуу эч нерсе билбейбиз.

Эсиңиздерге сала кетели – ЮКОСтун негизги кожоюну Михаил Ходорковский бир жылдан ашуун убакыттан бери түрмөдө отурат. Талдоочулардын айтымында Ходорковскийди президент Владимир Путин өзүнүн негизги саясий атаандашы катары санаган.

Буга чейин ЮКОСтун өкүлдөрү орус бийликтеринин "Юганскнефтегазды" аукциондо сатуу боюнча чечимин токтотуу максатында Кошмо Штаттарынын сотуна кайрылган болчу. Хьюстон шаарындагы федералдык сот “Газпромду” жана “Газпромго” акча берүүгө ниеттенген чет элдик инветорлорду ЮКОСтун мүлкү сатыла турган аукционго катышуудан баш тарткыла деген чечим чыгарып берген. Ошондон улам чет өлкөлүк инвесторлор “Газпромго” карыз берүүдөн баш тартышкан болчу. Бирок орус бийлиги “бул биздин өлкөнүн ички иши” деп, Кошмо Штаттарынын сотунун чечимине карабай аукционду белгиленген убакытта өткөрдү.

Аукционду “Газпром” утуп чыгып, ЮКОСтун негизги байлыгы мамлекетке өтөт деп алдын ала эле айтылып жаткан. Бирок Батыштагы инвесторлор Хьюстондогу соттун чечиминен кийин токтоп калган соң ““Газпром” акчаны эми кайдан алат?” деген суроо туулуп, ал баарын кызыктырып келген.

“Диалог тройки” инвестициялык банкынын талдоочусу Жеймс Фенкнер “Газпром” Хьюстондогу соттун чечиминен кийин аукциондо атайлап утулуп берди деген пикирде:

- Бул Байкал финансы тобу АКШдагы соттун чечиминен кийин түзүлгөн деп болжоого болот. Ал бир чети аукциондун өз убагында өтүшүнө жол ачат, анткени аукцион өз маалында өтпөй калса – ал орус бийлигине жаман болот. Экинчи жагынан алганда – бул “Газпром” болобу же “Сургутнефтегазбы” – акыр аягы ал аркылуу байлыктын мамлекеттин колуна өтүшүнө шарт түзөт.

ЮКОСтун пресс-секретары Александр Шадрин "Юганскнефтегазды" 9 млрд. долларга ким сатып алса дагы өзүнө жаңы баш оору үйүп алды деп билдирди. Анын айтымында ЮКОСтун ишине аралашуу менен ал ишкерлер өздөрүнүн кадыр-барк, абийирине насили каршы иш жасашты жана юридикалык талаш-тартыштардын торуна чалынды.

Мурда ЮКОСтун акционерлери "Юганскнефтегазды" ким сатып алса аны сотко беребиз дешкен.

XS
SM
MD
LG