Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Карасууда жер көчкөн жатат


БИШКЕК. Ош облусунун Карасуу районундагы Кызылтуу айылынын Чарыайгыр участкасында турган 10 үй-бүлө башка жакка көчүрүлдү. Буга аталган аймакта көлөмү 1 миллион куб метрге жеткен чоң жер көчкүнүн 130 метрге чейин жылышы себеп болду. Күтүүсүз кырдаалдар жана экология министрлигинин куткаруучулары азыр ал жерге көзөмөл жүргүзүп жатат. Ал эми турган үйлөрүнө башка жерге көчүрүлгөн үй-бүлөлөргө министрлик 40 орундуу 10 чатыр тигип берип, төшөнчү жана дары-дармек менен камсыз кылды. Мындай маалыматты Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

XS
SM
MD
LG