Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

ЧЫРДЫН БАШЫ АВТОБЕКЕТ ЧАТАГЫ


Аман Жапаров, Бишкек Апта соңунда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы “Транспорт жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап кабыл алган. Жаңы мыйзам боюнча автобекеттер эл аралык жана республика аралык автокаттамдарды жүргүзүүдөн четтетилген. Буга “Акжол” фирмасынын, “Арендатор жана жеке транспорттун айдоочулар” коомдук бирикмесинин кызматкерлери каршы пикирин билдиришүүдө.

17-декабрда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын курулуш, жерказынасы, транспорт жана коммуникациялар комитети тарабынан сунуштаган «Транспорт жөнүндө» мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып, кабыл алынды.
Алматы, Ысыккөл аймагына жана Талас өрөөнүнө кичиавтобус каттамдарын жүргүзгөн Батыш автовокзалдын жанында жайгашкан «Ак жол» фирмасы, «Арендатор жана жеке транспорттун айдоочулар» коомдук бирикмесинин кызматкерлери бул мыйзамга нааразылыктарын билдиришүүдө. Алар, жогоруда аталган жаңы мыйзам Эл аралык жана республика аралык каттамдарды баардык талапка жооп берген Автовокзалдарга жүктөп, автобекеттердин ишин чектеп салгандыгын айтышууда. Бул тууралуу «Акжол» фирмасынын жетекчиси Дүйшөн Сооронбаев,
-“Транспорт жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизүүгө биздин каршы болуп жаткан себебибиз, бул жалгыз эле Батыш автовокзалында жайгашкан “Акжол” автобекетин жоготууга карата уюштурулган иш. Эгер мыйзам кабыл алынса көптөгөн адам жумушсуз калат.

-деди Дүйшөн Сооронбаев. Ал “Транспорт жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө палатанын курулуш, жерказынасы, транспорт жана коммуникациялар комитетинин төрагасы,депутат Ишенбай Кадырбеков өз кызыкчылыгын көздөгөн деген пикирде.
-Депутат Ишенбай Кадырбековдун аялы Светлана Тыныбекова “Акжол” автобекетинин жанында курулуш куруп жатат. Атайын участок бөлдүрүп алган.“Кут жол” деген фирма ачып, алар да жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын кылышат. Азыр бизди жоюп, биздин аймакты да алгысы келип атат. Чынында киреше кирүүчү жерди колуна алуу максатын көздөөдө.

-деди Дүйшөн Сариев.

Учурда «Акжол» автобекетинде 40 адам эмгектенет. Жалпы республиканын аймагы боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган 2 миңге жакын айдоочу «Акжол» автобекети аркылуу катташат. «Эгерде «Транспорт жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүгө ылайык автобекеттер эл аралык жана республика аралык автокаттамдардан четтетилсе 2 миңден ашуун адам ишсиз калат», дейт Дүйшөн Сариев.
Ал эми мыйзам чыгруу жыйынын депутаты Ишенбай Кадырбеков, эл аралык жана республика аралык автокатамдарды автовокзалдар жүргүзүүсү керек деген пикирде.
- Автовокзалдардын талапка жооп бере тургандай нормалары бар. Жүргүнчүлөрдү кабыл алуу жана узатууда тейлөө иштери болуш керек. Сактоо жайы, энелер жана балдар үчүн эс алуу жайы, мейманкана жана башка. Ал эми Автобекеттер эч бир талапка жооп бербейт. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй эгерде айылда же район борборлорунда автовокзал жок болсо авобекеттер эл аралык жана республика аралык автокаттамдарды жүргүзө алышат.

-деди Ишенбай Кадырбеков. Анын айтымында, «Транспорт жөнүндөгү» мыйзамга толуктоолорду киргизүү менен жеке өзүнүн же аялынын эмес, жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыгын көздөөрүн билдирди. Аталган мыйзам, депутаттын жубайы Светлана Тыныбекова жетектеген «Кут жол» фирмасына да кедергисин тийгизээрин белгиледи.
-Менин жолдошум да ошол “Акжол” фирмасы аркылуу автокаттамдарын жүргүзүп, иш алып барууда. Бул жерде менин эч кандай жеке кызыкчылыгым жок. Мыйзамга ылайык анын фирмасы да эл аралык автокаттамдарды жүргүзө албай калат. Бирок өз жубайыңды ойлош керекби же элдин кызыкчылыгын ойлош керекби? Мен мыйзам чыгаруу жыйынында иштеп жаткандан кийин эл үчүн мыйзам чыгарууга аракет кылам.
-деди Ишенбай Кадырбеков.
Ал эми «Арендатор жана жеке транспорттун айдоочулар» коомдук бирикмесинин
жетекчиси Батырбек Дууланов эгерде президент тарабынан толуктоолор киргизилген «Транспорт жөнүндөгү» мыйзамга кол коюлса бирикмедеги жүргүнчүлөрдү ташуучу айдоочулар үй-бүлөлөрү менен пикетке чыгышаарын билдирди.
- Биз азырынча президенттин кандай чечим чыгараарын күтөбүз. Эгер биздин кызыкчылыгыбыз корголбосо пикетке чыгабыз. Өзүбүздүн позициябызды, өзүбүздүн ишибизди жөн эле берип салбайбыз. Эгер бир нерсе болсо чоң чатак чыгып кетет.
-деди Батырбек Дууланов.

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы кабыл алган «Транспорт жөнүндө» мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору президент Аскар Акаев тарабынан кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG