Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

«ДАСТАН» САДАГА ЧАБЫЛАБЫ ЖЕ КАЛАБЫ?


Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны «Дастан» акционердик коомунун мамлекеттик акциясын убактылуу башкарууга берүү жана андан ары сатуу жөнүндөгү токтомун жокко чыгаруу маселесин талкуулап, бирок, бир пикирге келе алышкан жок.

Мындай токтомду Парламент октябрдын этегиндеги сессиясында кабыл алган. Анда парламент россиялык «Евразия Транс» деп аталган ишканалар тобуна башкарууга берүүнү өкмөткө сунуштаган. Мындай токтомду жактабаган «Дастан» ишканасынын жетекчилиги Эл өкүлдөр жыйыны токтомду жокко чыгаруу сунушу менен кайра парламенке кайрылган.

«Дастан» акционердик коому Кыргызстан тышкы карыздар үчүн Орусияга башкарууга берүүнү сунуштап жаткан беш ишкананын бири. Эл өкүлдөр жыйыны иштеп чыккан токтомго ылайык «Евразия транс» ишканалар тобу «Дастанды» убактылуу башкарууга алып, эгер башкаруу учурунда ортодогу милдеттенмелерди так аткарса, ишкана Орусия тарапка биротоло өтмөк. Бирок, буга чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет буга чейин «Дастанды» убактылуу башкарууга алуу максаты бар башка компаниялар да чыгып жаткандыгын белгилеген. Мындай пикирин комитет төрагасы Равшан Жээнбеков бүгүнкү парламенттик отурумда да билдирди.

«Дастан» акционердик коому болсо «Евразия Транс» компаниясын ишкананын жүгүн көтөргөн, стратегиялык толук кандуу өнөктөш болоруна ишенбейт. Ошондуктан, парламент азыркы сессиянын биринчи этабында кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу жөндүү деп эсептейт:

- Президент Владимир Владимирович Путин менен Аскар Акаевичтин Акаев жакын арада өтө турган сүйлөшүүлөрүнө үмүт байлоо аркылуу карап жатабыз. Биздин заводдун проблемалары алардын деңгээлинде конкреттүү талкууланган. Аскер-техникалык кызматташтык боюнча комиссия иштеп жатат. Россия тарап – биз тарап. Биздин Россия менен бирге иштешибиз үчүн укуктук негиздерди түзгөн бир катар макулдашуулар даярдалган.

деди парламентте «Дастан» Акционердик коомунун директору Султан Табалдиев. Анын айтымында, аталган ишкана жакынкы бир нече жыл ичинде эле эч кандай инвестиция салбай эле «Дастандан» олуттуу пайда көрсө болот. «Дастан» ишканасынын 312 миллион сом каражаты бар. Ишканын 37% мамлекетке, 35%и жамаатка таандык. Ал эми 15%не менеджердик башкаруучу топ ээлик кылат. Ишкана чыгарган продукциянын 90% чамалашы атайын багыттагы, калганы жалпы калк керектөөчү товарлар. Ошондуктан, бул «Дастандын» ишмердүүлүгү саясатка көбүрөөк байланып турат:

- 37% акциянын мамлекетте болушу бизге чоң саясий дивиденд берип атат. Биздин тармактын ишмердүүлүгүндө саясат өтө эле көп.

дейт директор.

Мурдагы токтомду иштеп чыккан стратегиялык өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо маселелери боюнча комитеттин төрагасы Жаныш Рустембеков «Дастандын» жетекчилигинин бул демилгесин жеке жетекчиликтин гана кызыкчылыгы катары баалап, ишкананын келечегине мындай кадам пайда алып келбейт деген пикирин айтты:
- Маалыматтар боюнча ишкананын 48% гана иш менен камсыз. Анын 90% чамалышы атайын багыттагы товарлар чыгат. Эгер Индия менен контракт бүтсө, ишкана башка продукция чыгарууга даяр эмес. А Евразия транс болсо башка продукцияны да чыгарууну убада кылууда.

дейт. Аталган ишкана буга чейин Индия менен 25 жылдык мөөнөттө кызматташууга 29 миллион долларлык тендерди утуп алган. Мындан тышкары Украина, Казакстан, Россия менен товар сатуу, сатып алуу боюнча кызматташат.

Депутаттардын басымдуу бөлүгү «Дастан» акционердик коомунун келечегин Россия менен байланыштырганы менен, анын тагдырын чечүү маселесинде бул күнү бир пикирге келе алышкан жок. Депутаттар токтомду күчүндө калтыруу, жокко чыгаруу жана ага түзөтүү киргизүү өңдүү үч түрдүү сунуштарын беришти. Айрым парламент мүчөлөрү мурдагы токтомдо «Дастанды» башкарууга берүү үчүн өкмөткө бир эле компанияны сунуштоону – парламент кетирген катачылыктардын бири катары белгилешти. Парламент ушул сунуштардын негизинде токтом долбоорун иштеп чыгууну тиешелүү комитетке тапшырды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG