Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

«ЭЛИМ МЕНЕН, ЭЛИМ ҮЧҮН» КОЛДОО ФОНДУНУН ТӨРАГАСЫ ПРЕЗИДЕНТТИ КОЛДОП, А, ЖУРНАЛИСТИ КОРДОП…


Кубанычбек Жолдошев, Ош 20-декабрь күнү Ош шаардык сотунда «Элим менен элим үчүн» деген аталыштагы президент Аскар Акаевди колдоо коомдук фондунун төрагасы Аманбай Сатыбаевге каршы журналист Алишер Токсонбаевдин доо арызын кароо боюнча сот жараяны башталды.

Ушул жылдын 28-октябрь күнү Фергана АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартуу боюнча демилге менен чыгып жаткан «Элим менен, элим үчүн» коомдук фондунун төрагасы Аманбай Сатыбаев журналист Алишер Токсонбаевдин берген суроосуна жооп берүүнүн ордуна «журналисттер силер чыккынчысынар, чет өлкөнүн акчасына иштеп жатасыңар» деп айыптаган. Аманбай Сатыбаевдин эл алдында айткан мындай сөздөрүн далилдеп берүү үчүн журналист Алишер Токсонбаев Ош шаарынын сотуна доо арызы менен кайрылган эле. Доо арызын сот өндүрүшүнө кабыл алынып, кылмыш жаза кодексинин 127, 128-беренелери боюнча Аманбай Сатыбаевге карата иш козголгон. Бүгүн сот жараянынын айыпкер катары чакырылган Амабай Сатыбаев журналист Алишер Токсонбаев абийрине шек келтирилди деп сотко берүүгө негиз жок болчу деген пикирин билдирди:

- Чыккынчы деген сөз түшүнүктү адамдар арасында сүйлөнүп жүрөт. Биздин мамлекетибизде жалпы өнүгүп-өсүүлөрдү билип туруп, төмөндөтүп, каралап сүйлөштү туура эмес деп эсептейм. Ошон үчүн мен пресс- конференцияда сүйлөгөн сөзүм да чакырык катарында айтылган - дейт «Элим менен элим үчүн» Аскар Акаевди колдоо коомдук фондунун төрагасы Аманбай Сатыбаев.

Сот жараянынын жүрүшүндө ошол жолку маалымат жыйынын тартылган видео жана аудио тасмалар далил катары көрсөтүлүп, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү болду. Сотко байкоочу катары катышкан сөз эркиндигин иликтөө боюнча эл аралык уюмдун эксперти Бакыт Ибрагимовдун айтымында, аудио, видео тасмалар далилдеп тургандыгына карабастан, айыпкер Аманбай Сатыбаев «чыккынчы» деген сөздү жеке Алишер Токсонбаевге карата эмес, жалпылык мүнөздө колдонгомун деп сот жоопкерчилигинен өзүн ала качып жатат:

- Жалпысынан Аманбай Сатыбаев айтты, Токсонбаевге карата айткан жокмун, бирок жалпысынан оппозициячыл журналисттер иштеп жаткан тармактарды жалпысынан күнөөлөдүм деп айтты.

Сот жараянынын жүрүшүндө ишти карап жаткан Ош шаардык сотунун судьясы Адыл Базарбаев тараптарды жараштырууга бир канча жолу аракет жасады. Бирок журналист Алишер Токсонбаев эл алдында массалык маалымат каражаттары аркылуу кечирим сурамайынча жарашууга макулдугун бербей тургандыгын билдирди:

- Мен жарашбайм деп чечтим, жеке өзүм үчүн эмес, жалпы журналисттердин кызыкчылыгы үчүн. Анткени Аманбай Сатыбаевге окшогондор ар кандай иш чараларда эл алдында журналисттердин берген суроосуна жооп бербестен, ушинтип бизди мазактоого,кордого, шылдыңдоого, эл арасында ушак таркатууга акысы жок. Бул башка саясатка аттанган коомдук ишмерлерге да тийиш. Сот адилет чечим чыгарып берет деп ишенебиз. Судья бизди жараштырууга аракет жасаганында бир мандем бар. Бирок сот жараянын күтө туралы, ошого жараша пикир айтам.

Судья Адыл Базарбаев 28-октябрь күнкү Фергана АКИ-пресстеги маалымат жыйынына катышкан калган күбөлөрдүн да көрсөтмөлөрүн толук угуу максатында сот жараянын ушул жылдын 27-декабрына калтырды.

XS
SM
MD
LG