21-декабрда Ош облустук мамлекеттик администрациясында «Элим менен элим үчүн» коомдук фонду Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн референдум жолу менен 2010-жылга чейин узартуу демилгесин колдогон атуулдардын колу коюлган петицияны мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовго тапшырды.
Президент Аскар Акаевдин реформаларын колдоо коомдук фондунун петиция тапшыруу аземине жергиликтүү мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, күч органдарынын кызматкерлери жана айрым бей өкмөт уюмдардын жеткчилери катышты. «Элим менен элим үчүн» коомдук фондунун төрагасы Аманбай Сатыбаев эки жарым айдын ичинде Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартуу демилгесин референдумга коюуну колдогон 30 миң адамдын колун топтошкондугун билдирди. Петицияны кабыл алуу үчүн келген мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов президент Аскар Акаевдин пайдасы үчүн кол топтоонун жүрүшүнө бир жактуу пикир айта албастыгын, бирок петицияны элдин аманаты катары Ак үйгө алып бара тургандыгын белгиледи. Жогоруда аталган коомдук фонддун төрагасы Аманбай Сатыбаев мындан ары да кол топтоо улантыла бере тургандыгын жарыя кылды. Эске сала кетүүчү жагдай мыйзамга ылайык кандайдыр бир мамлекеттик маанидеги маселени референдумга алып чыгуу үчүн 300 миң атуулдун колу топтолушу керек.