БИШКЕК. Өкмөт аппаратынын маалымат бөлүмү маалыматтык-аналитикалык бөлүм деп аталып, анын жетекчилигине Роза Даудова, анын орун басарлыгына Талант Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан 21-декабрда кабарлашты. Роза Даудова буга чейин өкмөттүн маалымат кызматында иштеп келген. Ал эми кызматтын мурдагы жетекчиси Санжарбек Үмөталиев Баалуу кагаздар боюнча өкмөт алдындагы мамлекеттик комиссия төрагасынын орун басары кызматына которулду.