Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Тогуз партия курултайга даярдык көрүүдө


БИШКЕК. Кыргызстан Элдик Кыймылына кирген тогуз партия Жогорку Кеңешке депутаттыка талапкерлерди көрсөтүү максатындагы курултайларды 25-декабрга белгилеп жатат. Бул тууралуу кыймылдын төрагасынын орун басары Азимбек Бекназаров 21-декабрда билдирди. Анын айтымында, тогуз партия адегенде өз-өзүнчө курултайларын өткөрүп, Жогорку Кеңешке талапкерлерди көрсөтөт. Андан кийин талапкерлердин макулдашылган тизмеси Кыргызстан Элдик Кыймылынын атынан жарыяланмакчы. Ал эми «Адилет», «Алга, Кыргызстан» партиялары парламенттик шайлоого карата курултайларын январь айынын биринчи жарымында өткөрүүнү болжолдошуп жатканын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG