Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Кечээ Украинада атаандаштар телетаймаш өткөрүштү


Оппозициянын талапкери Виктор Ющенко атаандашын добуштардын натыйжаларын бурмалап, үч миллион добушту уурдап алганы үчүн айыптады. Өлкө жаңы президентсиз калганы үчүн жоопкерчиликти атаандашына жүктөп, Ющенко Украинанын ички иштерине кийлигишкени үчүн Россияны да айыптады. Өз учурунда Виктор Янукович атаандашын АКШнын жана Батыш өлкөлөрүнүн колдоосуна таянганы үчүн сынга алды. Януковичтин айтымында, Ющенко шайлоону утуп алып,жаңы президент болом деп катуу жаңылышып жатат. Ющенко жарым Украинанын гана президенти болмокчу, Янукович болсо бүткүл Украинанын президенти болгусу келет.

XS
SM
MD
LG