Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Турсунбек Акундун жоголушу-акысыз жарнама. «Көмүскө бизнестин» башында ким турат?


Мээрим Султангазиева, Бишкек Адамдарды мыйзамсыз сатуу өзгөчө бизнеске айланганы туурасында макала «Заман Кыргызстан» гезитинде орун алды. Турсунбек Акундун жоголушу-акысыз жарнама, деп «Слово Кыргызстана» басылмасы кабарлады.

Бүгүнкү күндөгү жумушсуздук, айлык акынын аздыгы чоң проблема. Андыктан бардыгы мыкты жашоо кыялы менен кара жанды багуу иретинде, чоң акча издеп, алыска аттанып, иш издешет. Ал тургай айрым жаш кыздар чет жактарга, чөнтөгү калың чет элдик бардар адамдарга турмушка чыгууга аракеттенет. Бул маселени иликтеген макала «Заман Кыргызстан» гезитинде жарык көрдү. Анда акыркы мезгилде акчанын азгырыгы менен мыйзамсыз түрдө сатылган адамдардын саны арбып, анын торуна илингендер саны өсүүдө. Айрымдар муну кадимкидей эле акча табуунун айла- амалына айландырып алган, деп макаланын автору белгилейт . Макалада, миграция боюнча эларалык уюмдан алынган маалыматтарга карганда, Кыргызстандан сырткары жүргөн эмгек мигранттарынын 15%и мыйзамсыз түрдө акчага сатылат. Бул багытта 15 ке жакын кылмыш иши козголгон. Ал эми дүйнө боюнча жыл сайын 800-900 адам мыйзамсыз түрдө бул «бизнестин» курмандыгына айланат .
Ал эми «Вечерний Бишкек» басылмасы
Евробиримдик мындан ары да Кыргызстанга актуалдуу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтө бермекчи, деп кабарлайт. Анда, эки тараптуу жана көп тараптуу өнөктөштүк үчүн приотитеттүү терроризм менен күрөшүү, экономиканы жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, айлана- чөйрөнү коргоо, коомду мындан ары демократиялаштыруу меселелери аталганы камтылат .

Шейшемби күнү чыккан «Аалам» гезитинде мыйзамчылардын талкуусу жарыяланды. Анда депутат Алымбай Султановдун кайрадан «Бета Сторестин» кошумча салык төлөбөй жатканы туурасында маселени көтөрүп чыккандыгы айтылган. Депутаттын пикири боюнча, «Бета Сторес» компаниясынын салык төлөбөгөндүгүнөн улам 1 миллиард сомго жакын акча мамлекеттик казынага түшпөй, «көмүскө бизнестин» колун «жылытат»… Бирок, анын ана башы ким, кайсы колу түктү бийлик эшалонунун аткаминери турат деп кайрылат , ал эми депутат Асан Раимкулов шайлоо кодекси жөнүндө элеттиктер толук түшүнбөй жаткандыгын айткан. Ошондой эле айрым депутаттардын жылуулук маселеси, «Кумтөрдүн» айланасындагы суроолорду көтөргөнү жарыяланган.
Басылманын ушул эле санынна кыргыз-түрк университетинин студентинин кыргыз тили жөнүндө жазган макаласы орун алган. Анда ал өлкөдө бир дагы кыргыз тилдүү телекөрсөтүү жок, жадагалса КТРде да берүүлөрдүн жарымы орус тиилинде жүрөт деп пикирин билдирген.


Турсунбек Акундун жоголуп кетиши коомчулукту дүрбөлөңгө салганы менен, акыры анын бул «сырдуу жоголушу» ага акысыз жарнама кызматын өтөдү деп эсептей «Слово Кыргызстана» гезити. Элдердин көпчүлүгү Акундун жоголуп кетишин "начар ойнолгон спектакалдей" кабыл алды, деп макаланын автору өз пикири менен бөлүшөт. Бул маселе тууралуу материалдарды окурмандар кеңири «Слово Кыргызстана» гезитинин шейшемби күнкү чыгарылышынан окуй алат.
XS
SM
MD
LG