Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Азия өнүгүү банкы Кыргызстанга жардамын улантат


БИШКЕК. Азия өнүгүү банкы Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолун оңдоп жаңыртууга 32 млн. 800 миң АКШ долларын бөлдү. Жеңилдетилген карыз акча Кыргызстанга 32 жылдык мөөнөт менен берилүүдө. Бул тууралуу Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ашраф Малик 22-декабрда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган банк Кыргызстанда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча жакыр жашаган үйбүлөлөрдү колдоого 3 млн. доллар, бейажал набыт болгондордун санын азайтыш багытында 3 млн. доллар, айыл тургундарынын туруктуу кирешесине көмөк көрсөтүү боюнча кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө 3 млн. доллар өлчөмүндөгү каражат менен камсыз кылат. Ошондой эле Бажы кызматын жаңыртууга жана техникалык жактан жакшыртууга 7,5 млн доллар берилет. Жапон өкмөтү ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү багытында 500 миң доллар грант бөлгөн.

Азия өнүгүү банкы Азия континенти менен Тынч океан чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн жакырчылыгын азайтуу багытында иш жүргүзгөн эл аралык финансы институт. Ага 63 мамлекет мүчө. Кыргызстан 1994-жылдан баштап Азия өнүгүү банкына мүчө болуп кирген. Ушу тапта толук оңдолуп жаткан Ош-Бишкек жолун жаңыртуу долбооруна Азия өнүгүү банкы 142 млн доллар бөлгөн.

XS
SM
MD
LG